«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан  Безымянная көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн Проектируемая көчөсүнө чейинки тилкеде  капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Иштер 2025-жылга титулдук тизмесине киргизилген.

Бүгүнкү күндө бригада ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу боюнча иштерди аяктады. Учурда жол катмарынын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Капиталдык курулуш аяктагандан кийин бул тилкеде жаңы жол, эки тараптан тротуар, ошондой эле ирригациялык система пайда болот.