Кечээ “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын питомнигинде экологиялык кеңештин жаңыланган форматтагы жыйыны өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова, Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эко активисттер, волонтерлор, ЖМК өкүлдөрү, блогерлер жана башкалар катышты.
Экологиялык кеңештин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларына:
- Экологиялык маданиятты жогорулатуу жана шаардык экологияны жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын бардык мектептеринде жашылдандыруу программасын ишке ашыруу.
- Жашыл аянтчаларды суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды төшөө жана скважиналарды бургулоо боюнча иштерди жүргүзүүгө арыздарды даярдоо жана берүү.
"Бишкек жашыл курулуш" МИсине:
- күзгү көчөт отургузууга даярдыктарды көрүү.
“Бишкек шаарынын мэриясынын санариптик технологиялар борбору” МИсине:
- суу ресурстарын натыйжалуу көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн шаардын ирригациялык системаларынын санариптик картасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
- «Менин шаарым» маалыматтык тиркемесинде отургузулган бак-дарактардын саны жана так даректери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү функциясын киргизүү.
Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи башкармалыгына:
- питомник үчүн көчөт материалын жана жашыл аянтчаларды багуу үчүн жабдууларды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө финансылык чечимди иштеп чыгуу жана бекитүү.