Чоң Чүй каналынын чыгыш жана түштүк жээктериндеги суу коргоо зоналарын тазалоо иштери уланууда.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №79 токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
Октябрь райондук администрациясынын демилгеси менен "Алтын-Ордо"конушунун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз чарба субъектилери демонтаждалууда.
Чарбалык субъектилердин ээлерине алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Бул аймакта жалпысынан 21 чарба субъект жайгашкан.
Октябрь райондук администрациясы 2 чарба субъекти алды, калган 19 чарба субъект ээлери тарабынан алынды жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жээкти тазалоо жана бошотуу иштери уланууда.