Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

2025-жылдын 27-августунан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Колопов Илияс Сексенбаевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Джунушалиев  кол койду.

И. С. Колопов буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Кадрдык потенциалды күчөтүү максатында, 2024-жылы И. С. Колопов Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан Бишкек шаарынын мэриясына ротацияланган.