Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн бирге белгилөөгө Ала-Тоо борбордук аянтына чакырат.

Саат 18:00дө баштала турган чоң концертте шаар тургундарын жана конокторун чыгармачыл жамааттардын жаркын программалары күтөт. Ошондой эле Иса Омуркулов, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Jax, Фриман, Бегиш, Малика Дина  жана башка эстрада жылдыздарынын жагымдуу чыгармалары тартууланат.

Бишкек мэриясы Эгемедүүлүк күндүжагымдуу маанай менен бирге өткөрүүгө  чакырат!