22-25-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында Кыргыз Республикасынын ардактуу машыктыруучусу Сергей Анатольевич Носковдун жаркын элесине арналган «Улуттар Лигасы» эл аралык турнири өттү.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан 2010–2011-жылкы төрөлгөн окуучулардан түзүлгөн 8 команда катышты — 4 уландар жана 4 кыздардан турган командалар.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча уландар арасында орундар төмөнкүчө бөлүндү:
1-орун — Бишкек шаарынын командасы (ОРАБӨМ);
2-орун — Жетису облусунун командасы (Казакстан);
3-орун — БК «AFB» (ОРАБӨМ);

Кыздар арасында:
1-орун — ОРАБӨМ (Кыргызстан);
2-орун — Каракол шаарынын командасы;
3-орун — Хакасия Республикасынын командасы (Россия).

Бул турнир жаш баскетболчулар үчүн тажрыйба алмашууга жана катышкан өлкөлөрдүн спортчуларынын жогорку даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.