Бишкек шаарында Ж. Пудовкин көчөсүнүн К. Молдобасанов көчөсүнө чейинки уландысы болгон жаңы жолдун курулушу толугу менен аяктады. Жалпы узундугу — 970 метрди, туурасы 12ден 14 метрге чейин түзүп, 3 кыймыл тилкеси каралган.
Жол транспорт кыймылы үчүн толугу менен ачылды. Шаар мэри Айбек Джунушалиев аталган жол тилкесин жеринен көрүп чыгып, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүткөнүн белгиледи. Жол курулушунун алкагында дренаж түтүктөрү, лотоктор жана жол жээктерине бордюрлар орнотулду.
Мындан тышкары, жол белгилери орнотулуп, жөө адамдар үчүн тротуар курулуп, асфальт төшөө иштери толугу менен бүткөрүлүп, жол чиймелери түшүрүлдү.
Аталган жол тилкесинде оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр киргизилди.