Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Дзержинец" атындагы балдардын ден соолук лагеринде С.Жуманазаров атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары үчүн жайкы ден соолукту чыңдоо лагери уюштурулду.
Иш-чарага теннис, ок атуу жана аскага чыгуу бөлүмдөрүнөн 64 спортчу катышты.
Лагердин программасында балдардын ден соолугун жана дене тарбиясын чыңдоо үчүн машыгуу сабактары, спорттук мелдештер жана эс алуу иш-чаралары камтылган.