2025-жылдын 25-26-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата “Онтарио” бильярд клубунда 28 жашка чейинки оюнчулар арасында бильярд спорту (эркин пирамида) боюнча “Жеңиш” ОРАБӨМдүн  ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке өлкөнүн эң күчтүү спортчулары катышып, жеңүүчүлөр жана байге ээлери баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун - Нурсултан Таштанбеков;
2-орун - Артур Огобаев;
3-орун - Айбек Сарымсаков;
3-орун - Алишер Тимур уулу;

Чемпионаттын максаттары Кыргызстанда бильярд спортун өнүктүрүү жана жайылтуу, жаш оюнчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, катышуучулардын ортосунда достук байланыштарды жана тажрыйба алмашууну чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу.