Борбордук Ала-Тоо аянты  бүгүн шаңга, музыкага, бийге жана жагымдуу чыгармаларга бөлөнүп турат. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт көрүүчүлөргө кубаныч,  жагымдуу маанай тартуулап жатат!

Сахнада бир  нече фольклордук жана хореографиялык топтор, ошондой эле эл сүйгөн ырчылар чыгып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон чыгармаларын тартуулашты. Алар: Марат Талантбеков, Игорь Воронцов, Алихан, Айша Самсалиева, Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Айзада Султанова, Кубаныч Сатаев, Султан Каримов, Динара Акулова, Нурбек Серкебаев жана башкалар.

Ар бир номер көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар, жылмаюулар жана позитивдүү энергия менен коштолууда. Ала-Тоо аянты бүгүн майрамдык шаңга толуп, кубанычтуу маанайда.

Учурда миңден ашуун шаар тургундары жана коноктор бул майрамдын күбөсү болушууда.

Ал эми алдыда көрүүчүлөрдү Арсен, Бегиш, Фриман, Азат Раимбердиев жана башка белгилүү ырчылардын чыгармалары  күтүп турат. Келип, жандуу музыканы, биримдикти жана өлкөбүзгө болгон сыймыкты бирге бөлүшүңүздөр!