Өлкөнүн башкы аянты музыка, бий жана активдүү көрүүчүлөрдүн катышуусу менен жанданды! Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерттик программа көрүүчүлөргө эмоцияларды жана унутулгус таасирлерди тартуулап жатат.
Сахнага Айхан, Адилет Жумабеков, Айгүл Чалова, Иса Өмүркулов, Гүлнур Сатылганова, Адилет Азимов, Каныш, Нури, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Миңжашар, Арсен, Фриман, Жакс, Бегиш, Малика Дина чыгып, жагымдуу маанай тартуулашты. Ар бир номер көрүүчүлөргө жагып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.
Ала-Тоо аянты бүгүн майрамдык энергияга толду.