2025-жылдын 31-августунда өлкөнүн башкы  Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган чоң майрамдык концерт  өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Сахнада чыгармачыл жамааттар жана белгилүү аткаруучулар: Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Бек Исраилов, Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Арсен, Jax, Фриман, Бегиш, Малика Дина, Омар, «Nomad» триосу жана башка эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Миңдеген шаар тургундары жана калаа меймандары аянтка чогулуп, кубаныч, сыймык жана шыктандыруу атмосферасына бөлөнүштү.