Бүгүн, 2025-жылдын 1-сентябрында, саат 05:00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорту» ишканасынын айдоочуларына таңкы сапка чыгуудан мурун инструктаж өткөрдү.

Шаар башчысы айдоочулардын жол эрежесин сактоо, токтотуу эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылуу жана муниципалдык менчикти аяр пайдалануу боюнча конкреттүү милдеттерди койду.

Транспорт бөлүмүнүн жетекчилерине талаптарды күчөтүү жана катуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылды. Бул үчүн рейддик иш-чаралар уюштурулат.

Айдоочулар тарабынан одоно эреже бузуулар катталса, тиешелүү чара көрүлүп, ишкананын “кара тизмесине” киргизилет.

Бүгүнкү күндө шаар ичинде 1200 автобус каттамга чыгууда.