Facebook социалдык тармагында бир тургун шаар жетекчилигине кайрылып, Горький көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жана Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү бузулууларды жоюуну өтүнгөн.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев жерине барып, подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.
Горький көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин 2024-жылы жол реконструкцияланып, кыска мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилген. Подрядчылардын айтымында, жол оңдоо иштеринин мөөнөтү бир жуманы түзөт. Аталган тилкенин так жабылуу күнү кошумча маалымдалат.
2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн боюндагы жылуулук тармактары реконструкцияланган. «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасына жана подрядчыларга системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү жана жолдун жараксыз бөлүгүн алмаштыруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.