2025-жылдын 2-сентябрында Л.Толстой көчөсүнүн Асаналиев  көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул бөлүмдө төмөнкү иштер аткарылды:
- бордюрлар орнотулду;
- жол белгилери түшүрүлдү жана орнотулду;
- эки катмар асфальт төшөлдү.

Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылгандыгын маалымдайбыз:
- Асаналиев  көчөсүнөн Бакаева көчөсүнө чейин;
- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.

Айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз.