2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Аскер шаарчасы-1 жолун капиталдык оңдоо иштери  жүрүп жатат. Узундугу 1,3 км.

Иштер "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктады. Учурда тротуардын негизи даярдалууда,  жакынкы күндөрү асфальт төшөө пландаштырылууда.

Жакын арада жолдун негизин даярдоо иштери да башталат.

Аскер шаарчасы-1 Волков жана Садыгалиев көчөлөрүнүн айланасында жайгашкан.