Биринчи Май районунун аймагында Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде ветеринардык коргоо зоналарынын талаптарына жооп берген жаңы мал базардын курулушу аяктап жатат.

Базардын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1500 бодо малды жана 6000 майда малды кармоого ылайыкталган. Мындан тышкары 300 жумушчу орун түзүү пландалууда. Аймакта чарбалык сарайлар тургузулуп, аянты 360 чарчы метр болгон заманбап ашкана курулуп, мал союучу жайды куруу иштери улантылууда.

Жаңы базардын ачылышы 6-сентябрга белгиленген. Бүгүнкү күндөн баштап мал базардын сатуучулары жайгашып, акырындык менен жаңы аймакка көчүп келе алышат. Учурда Пригородный базары толугу менен көчүп, «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда.