"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жолчулары Москва көчөсүнүн эки бөлүгүндөгү тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.
Ошентип, бул жолдун түштүк тарабында Байтик Баатыр көчөсүнөн Манас преспектисине чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу иштери жүргүзүлүп, кызыл сызыктан чыгып кеткен курулмалар демонтаждалды. Эркиндик бульварынан Раззаков көчөсүнө чейин жана Орозбеков көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин бордюрлар жана ирригациялык системалар орнотулду.
Учурда Тоголок Молдо көчөсүнөн Коёнкөзов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Москва көчөсү Б.Бейшеналиева көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдун түндүк тарабынан эски асфальтты алуу, ирригациялык системаны жана бордюр орнотуу иштери жүргүзүлдү. Учурда тротуардын негизи даярдалууда.
Жолдун түштүк тарабынан ушул эле тилкеде эски асфальтты сыйруу жана топуракты иштетүү иштери аткарылууда.