Лев Толстой көчөсүнүн тилкелери жабылганына байланыштуу 4 каттамдын маршруттук схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

2025-жылдын 2-сентябрынан баштап Лев Толстой көчөсүнүн Асаналиев  көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин жана Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылгандыгына байланыштуу, 4 автобустук каттамдын маршруттук схемалары өзгөртүлдү.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.