Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия жыйыны өттү.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков отун-энергетика комплексиндеги иштерге токтолду.
2024/2025-жылдын күз-кыш от жагуу мезгилине даярдоо боюнча
«Бишкек ЖЭБ»го жабдууларды оңдоого 1,2 млрд сом бөлүнүп, алгачкы жарым жылдыкта 554,8 млн сомдук иш аткарылды (план 117%). 3 турбоагрегат жана жылуулук жабдуулары оңдолуп, иштери уланууда.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы 6 айдын ичинде 2 050 м жылуулук тармактарын оңдоп, тармактардын 373 элементин жана 667 чарчы метр жылуулук изоляциясын алмаштырды, насостук станциянын курулушу жана негизги көчөлөрдүн тармактарын реконструкциялоо жүргүзүлүүдө.
«Бишкекжылуулукэнерго» 2 жаңы казанын ишке киргизди, 1,5 км жылуулук тармактарын алмаштырды, 82 откананы жана 221 насосту оңдоду, 16 откананы энергонатыйжалуу технологияларды колдонуу менен реконструкциялоодо.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Бишкек шаарынын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча иштеринин планына ылайык, 6 айында жаңы кошулган абоненттердин саны 6 800 түзгөн, натыйжада газдаштырылган абоненттердин жалпы саны 47 908ге жетти.
«Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо - 3» долбоору ишке киргизилди.