Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын отуруму уланууда.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата негизги милдеттерине токтолду.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын жана учурдагы социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен, 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин артыкчылыктуу багыттары катары төмөнкү милдеттер аныкталган.
Социалдык объектилерди курууну жана реконструкциялоону аяктоо, жолдорду оңдоо жана борбордук көчөлөрдү реконструкциялоо, санариптештирүүнү жакшыртуу, турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы иштерди күчөтүү, инвестицияларды тартуу ж.б.