Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын аткаруу максатында, «Кудайберген» базарында унаа тыгындарын жана унаа токтотуу эрежелерин бузгандарды алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.
Иш-чараны Биринчи Май районунун башчысынын орун басары Азиз Байысов алып барды, ага Биринчи Май РИИБнин, ЖККБ жана № 15 МАБнын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Рейддин жүрүшүндө Дэн Сяопин көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде 17 унаа уруксат берилбеген жерлерге токтотулган.
Ошондой эле базардын жанындагы унаа тыгындарын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындан тышкары муниципалдык администрация Волков көчөсүн бойлой – Патрис Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки жолду кеңейтүү маселесин карады. Жолду эки тилкеден төрт тилкеге кеңейтүү пландалууда. Бул маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жол кыймылына жана жашылдандырууга тоскоолдук жараткан кароосуз калган унааларды аныктоо иштери улантылууда.