Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби каалоочулардын арасында турнир өткөрдү. Мелдешке 6дан 20 жашка чейинки катышуучулар катышты. Жалпы катышуучулардын саны 86 адам болду.

Турнирдин максаты — шахматты калктын арасында өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө майрамдык маанайды уюштуруу.

Мелдештер разряддар боюнча өтүп, жеңүүчүлөр ар бир категорияда өзүнчө аныкталды:

Уландар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — Жусупов Алинур;
2-орун — Нуров Саян;
3-орун — Керимбаев Баят;

Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — Жылдызбекова Айша;
2-орун — Ногойбаева Арууке;
3-орун — Атабекова Айлин;

Уландар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — Насирдинов Нурадин;
2-орун — Кубанычбеков Байэл;
3-орун — Камчыбеков Бакай;

Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — Круглова Дарья;
2-орун — Кемелбекова Айдай;
3-орун — Мансурова Каныкей;

Уландар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — Нуров Байзак;
2-орун — Тапаев Тотухан;
3-орун — Исаков Амин;

Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — Съездбекова Айжан;
2-орун — Сагынбекова Жибек;
3-орун — Темирбекова Алия;

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.