Бүгүн, 2025-жылдын 4-сентябрында, саат 6.00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Шаар башчысы Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди. Бул жерде эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп, бордюрлар жарым-жартылай орнотулуп, тротуардын негизи асфальт төшөөгө даярдалууда.

Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде 1- катмар  асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Калинин көчөсүнүн Токмок көчөсүнөн Победа проспектисине чейинки бөлүгүндө жолдун негизи даярдалып, тротуарлар орнотулууда.

Ошондой эле Ауэзов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал жерде көпүрөнүн таянычын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Ауэзов көчөсүн бойлой Анкара көчөсүнөн Сухэ Батор көчөсүнө чейин жалпы узундугу 3,6 чакырымды түзгөн жол куруу пландалууда.

Ахунбаев көчөсүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери уланууда. Аталган тилкеде «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан авариялык түтүктөр алмаштырылып, кудуктар жөнгө салынууда.
Ы.Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы узундугу 1,2 чакырымды түзгөн жолду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары Киргизия-1 жана Ынтымак конуштарында дагы 8 көчө реконструкцияланууда. Жыйынтыгында бул инфраструктураны өнүктүрүүгө жана бул аймактагы унаа тыгындарын азайтууну жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр жөө адамдар көп жүргөн аймактарга өзгөчө көңүл буруп, реконструкция иштерин тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле тротуардын туурасы 3 метрден кем эмес стандарттын сакталышы да өзгөчө белгиленди.

Жолду реконструкциялоо иштерин күчөтүлгөн режимде жүргүзүү, ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштурууну, зарыл болгон учурда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин эске алуу тапшырылды.

Жолду реконструкциялоонун алкагында бир эле мезгилде чарба  субъектилердин ээлерине жанаша жайгашкан аймакты жана имараттын фасадын талапка ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Шаардык кызматтарга муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.