Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын 2005-жылдын 16-мартындагы № 257 токтому менен «Тянь-Шань-Лада» ААКга Горький (азыркы Анкара көчөсү, 3) көчөсүндөгү административдик-тиричилик  корпусунун курулушун аяктоо үчүн 0,29 га жер тилкеси 49 жылга ижарага берилген.

Мониторингдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы

аталган жер участогу иш жүзүндө пайдаланылбай жаткандыгы аныкталган, бул ижара келишиминин шарттарын жана жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Мындан тышкары, 2006-жылдын 13-апрелиндеги №136 жер тилкесин ижарага алуу келишими боюнча ижара акысы боюнча карызы бар.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №246 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын «Горький көчөсүндөгү административдик-тиричилик  имаратынын курулушун аяктоо үчүн убактылуу пайдаланууга «Тянь-Шань-Лада» ААКга жер тилкесин берүү жөнүндө» 2005-жылдын 16-мартындагы №257 токтому жокко чыгарылган.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикти жогору баада кайра ижарага берүүгө, ошондой эле максатсыз пайдаланылышына  жол берилбестигин эскертет.