Административдик аймактык реформанын  алкагында Свердлов районуна караштуу Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда. Бул социалдык маанилүү долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор боюнча жалпы аянты 2 927 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат курулууда. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 га түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы курулат, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.

Имараттын функционалдык пландаштырылышы коопсуздук жана ыңгайлуулуктун заманбап талаптарына жооп берет. Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат. Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.

Курулуш иштерин «ПСО Адис Строй» подряддык уюму ЖЧКсы алып барууда.