«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Леваневский көчөсүн Гагарин көчөсүнөн №136а үйнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин баштады.
Иштин биринчи этабынын алкагында эски асфальт төшөлгөн демонтаж иштери жүргүзүлүп, жаңы ирригация системасын орнотуу үчүн лотоктор алынып келинүүдө.
Буга чейин капиталдык курулушка чейин даярдыктын алкагында кызыл сызыктан мыйзамсыз чыгып кеткен тосмолор демонтаждалган. 10дон ашык жеке менчик ээлери жанаша турган участоктордо демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Курулуш иштери аяктагандан кийин Леваневский көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүп, тротуар жана ирригация системасы менен жабдылат.
Оңдоо иштери 2025-жылдын титулдук тизмеси боюнча жүргүзүлүүдө.