А.Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөртүүлөр киргизилди.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 3.18.1 («Оңго бурулууга тыюу салынат») жана 3.18.2 («Солго бурулууга тыюу салынат») жол белгилери орнотулду.
Себеби, оңдоодон кийин Жукеев-Пудовкин көчөсү бир тараптуу болгон.
Эми Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабынан Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулууга тыюу салынды.
Токомбаев көчөсүнүн түндүк тарабынан түштүк тарабына Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулууга да тыюу салынган.
Маршрутуңузду пландаштырууда өзгөртүүлөрдү эске алыңыз жана жол эрежелерин сактаңыз.