«Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында оңдоо планын активдүү аткарууда.

Компаниянын жүрүшүндө жылытуу мезгилинде станциянын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, адистер жабдууларды капиталдык жана учурдагы оңдоону, казан агрегаттарын, турбиналарды жана көмөкчү жабдууларды профилактикалык тейлөөнү жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө: 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы бар 2 турбиналык агрегат.
Оңдоодо: 7 от казан, 3 турбоагрегат, № 3, 4 блоктор.

Иш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, ишкананын техникалык кызматтарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

Оңдоо кампаниясынын негизги максаты - келе жаткан жылытуу мезгилинде жарандарды ишенимдүү  жана туруктуу энергия менен камсыз кылуу. Станциянын кызматкерлери  жылуулук жана жарык ар бир үйгө өз убагында жана үзгүлтүксүз жетүүсү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашууда.