«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына бутактарды майдалоо үчүн заманбап жабдуу орнотулду, ал автономдуу генератордо иштейт.  

Кубаттуулугу 230 кВт, иштөө чыңалуусу 380 Вольт, өндүрүш кубаттуулугу саатына 20/30 тонна болгон жабдуулар Бишкек шаарынын мэриясы менен Кытай шаарынын администрациясынын ортосунда мурда кол коюлган келишимдин алкагында өнөктөш Циндао шаарынан берилген. Эми ишкана көчөлөрдө жана сейил бактарда чогултулган бутактарды иштетип, пайдалуу жана экологиялык жактан таза коопсуз материалга айлантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Майдалангандан кийин жыгач калдыктары мульчага иштетилет - ным кармап туруучу субстратка айланып, ал топурактын түзүлүшүн жакшыртат, нымдуулукту сактайт жана  шаар аймактарын жашылдандырууга жардам берет.

Бул жабдуунун ишке киргизилиши мэриянын таштандыларды кайра иштетүү, шаар чөйрөсүн жакшыртуу жана экологиялык демилгелерди  ишке ашыруу багытындагы  маанилүү бөлүгү болуп саналат.