2025-жылдын 4-12-сентябрында Ысык-Көл районунун Бостери айылында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIV Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өтүүдө.
Волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарынын командаларынын курамында ойногон ОРАБӨСОМнин тарбиялануучулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
- 35 жашка чейинки эркектер арасындагы 7 команда катышып, Бишкек шаарынын командасы 1-орунду ээледи;
- 35 жашка чейинки кыздар арасындагы 6 команда катышып, Бишкек шаарынын командасы 2-орунга ээ болду.