2025-жылдын 4–12-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында «Азия – кызматташтык жана тынчтыктын аймагы» урааны астында Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIV эл аралык спорт оюндары өтүүдө.
Мелдештин алкагында «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн спортчулары кум үстүндөгү самбо боюнча күч сынашып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Жыйынтыгында мектептин тарбиялануучулары 6 медаль утуп алышты:
•Карыпбекова Улара — 1-орун (72 кг салмакта);
•Аманбеков Азат — 1-орун (88 кг салмакта);
•Таалайбеков Акынбек — 2-орун (88 кг салмактан жогору);
•Жайлообеков Данияр — 2-орун (58 кг салмакта);
•Усон кызы Акак — 2-орун (50 кг салмакта);
•Асанбекова Аида — 3-орун (72 кг салмакта).