2025-жылдын 5–7-сентябрында Ысык-Көл облусунун Орнок айылында lll Түрк Универсиадасы өттү.
Спорттун улуттук жана стол үстүндѳгү түрлөрү боюнча олимпиалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (СУСҮТ ОРАБӨМ) тарбиялануучулары — Молдалиев Тилек жана Осмонов Бактемир стол үстүндөгү теннис боюнча коло медаль утушту.
Универсиадага Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандан келген спортчулар катышып, волейбол, футзал, стол үстүндөгү теннис, шахмат, дзюдо, эркин жана грек‑рим күрөшү сыяктуу жети дисциплинада күч сынашты.
Мындай эл аралык мелдештерге катышуу спортту чыңдоого, дене тарбияны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөт.