Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Анкара жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Салам Баку» кафесин демонтаждоону баштады.

Объект 525 чарчы метр аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жерди пайдалануу мөөнөтү аяктап, комиссия аны узартуудан баш тарткан, анткени объект суу коргоо зонасында турат. Комиссиянын чечиминин негизинде объект демонтаждоого жатат.

Мындан тышкары, жанында жайгашкан  сезондук аянтча уюштуруу үчүн берилген 2295 чарчы метр жер тилкеси да бузулат.