«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы «Көлмө» конушунун Курулуш көчөсү Мидин көчөсүнөн Жаштык көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт-бетон аралашмасын төшөп баштады.
Жолдордун жана тротуарлардын капиталдык курулушунун алкагында ишкананын техникасы жана кызматкерлеринин аракети менен иш жүргүзүлүүдө. Бардык даярдык этаптары бүткөрүлүп, учурда жаңы асфальт төшөлүүдө.