Лебединовка МТУда жалпы аянты 8705,16 чарчы метр болгон 750 орундуу мектеп куруу долбоору даярдалган.
Биримдик-Кут конушунда, ошондой эле Айкөл конушунда мектеп жоктугунан мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын ата-энелери аларды Бишкек шаарындагы жана Лебединовка айылындагы мектептерге алып барууга аргасыз.
Транспорттук чыгымдардын көптүгү жана ата-энелердин балдарды ташууга кеткен убактысы тургундардын нааразычылыгын жаратып, буга байланыштуу мектеп имаратын куруу маселесин чечүүнү тездетүү талаптары коюлууда.
Биримдик-Кут конушунда мектеп куруу маселесин чечүү менен Айкөл конушунун мектеп окуучуларын жайгаштырууга, ошондой эле Восток жана Дачное айылдарынын мектептерин жеңилдетүүгө болот.
Пландаштырылган 750 орундуу жалпы билим берүү мектеби үч кабаттуу «А» жана «Б» окуу блокторунан турат.
Бүгүнкү күндө мектептин долбоордук-сметалык документтери толук даярдалып бүтүп, бул мектеп Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат “Мамлекеттик мектептерди куруу (II фазасы)” долбоорунун алкагында курулат. Долбоор 2026-жылы башталат, курулуш мөөнөтү 2 жыл.