2025-жылдын 11-сентябрынан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинде саат 22:00дөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилбейт.

Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды.

Ушул күндөн тарта проспектидеги унаа кыймылы күнү-түнү ачык болот.