Ала-Арча дарыясынын жээктери урап кетишин алдын алуу максатында КР ӨКМнин жана Бишкек шаарынын мэриясынын атайын техникалары тартылып, жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кооптуу аймактар тосулуп, электр өткөрүүчү тирөөчтөрдү демонтаждоо иштери да каралган.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!
Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жаткан аймакта коопсуздук эрежелерин сактоону суранабыз.