Борбор калаадагы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына карата жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери аяктоо алдында турат.
2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясы 89 билим берүү объектисин оңдоону пландаштырууда, анын ичинде: 45 мектеп, 41 бала бакча, 3 балдардын чыгармачылык борбору.
Бүгүнкү күндө негизги иштер аткарылып бүттү. Оңдоо иштери дагы деле уланып жаткан жерлерде окуу процессине тоскоол болбогондой уюштурулат.
Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуунун аркасында жаңы объектилер тизмеге киргизилип, оңдоо иштеринин көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Оңдоо төмөнкү билим берүү мекемелеринде жүрүп жатат:
Бала бакчалар: №4, №48, №52, №56, №61, №106, №107, №117, №127, №145, №181.
Мектептер: №32, №34, №41, №46, №49, №53, №60, №63, №67, №71, №73, №77, №92, №107, №116.
Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн убактылуу жабык мекемелердеги балдар үчүн жакынкы мектептерге жана бала бакчаларга бөлүштүрүү уюштурулган.
Борбор калаадагы окуу процесси мэриянын билим берүү департаментинин көзөмөлүндө. Балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн шарттарды жаңылоо шаардык администрациянын маанилүү приоритети бойдон калууда.