Казакстандын Щучинск шаарында, Улуттук лыжа спорт борборунда, Азия Кубогунун лыжа-роллер боюнча акыркы этабы (FIS Roller Ski Asian Cup) болуп өттү. Бул мелдеш кышкы Олимп оюндарына (Милан жана Кортина д’Ампеццо, Италия) квалификация алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Мелдешке 9 өлкөнүн 107 спортчусу катышкан, анын ичинде биатлон бөлүмүнөн С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн 4 тарбиялануучусу да катышты.

Жыйынтыктар:
Спринт, классикалык стиль – 1,2 км аралыкта:
- Айымдар арасында: Таалайбекова Диана – 48-орун;
- Мырзалар арасында: Сапарбеков Артур – 69-орун;
- Жумалиев Нурислам – 94-орун;

Интервалдык мелдеш, коньковый стиль боюнча – айымдар 5 км аралыкта:
- Таалайбекова Диана – 53-орун;

Интервалдык мелдеш, коньковый стиль боюнча – эркектер арасында 10 км аралыкта:
- Кадыров Элдар – 41-орун;
- Сапарбеков Артур – 71-орун;
- Жумалиев Нурислам – 93-орун;

Супер-спринт  боюнча – 200 м аралыкта:
- Айымдар арасында: Таалайбекова Диана – 32-орун;
- Мырзалар арасында: Сапарбеков Артур – 29-орун;
- ⁠Кадыров Элдар – 34-орун;
- ⁠Жумалиев Нурислам – 44-орун.