2025-жылдын 9–10-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында «Жеңиш» ОРАБӨМдүн 19 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында «Курама пирамида» дисциплинасы боюнча бильярд спортунан чемпионатты өткөрдү. Мелдештин жүрүшүндө «Жеңиштин» ОРАБӨМдүн чемпиону аныкталды.

Мелдеш «Онтарио» бильярд клубунда өткөрүлүп, Эл аралык конфедерациянын эрежелерине ылайык «Курама пирамида» форматында өттү. Оюндан чыгуу системасы уюштурулуп, чейрек финалдар үч жеңишке чейин, финалдык беттештер төрт жеңишке чейин ойнолду.

Жыйынтыгында:
- 1-орун – Таштанбек Нурсултан;
- 2-орун – Огобаев Артур;
- 3-орун – Асанов Миңтемир;
- 3-орун – Момунов Акылбек.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул турнир жаш спортчулар арасында чоң кызыгуу жаратып, мындан ары мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда.