Кытайдын Шаогуань шаарында кадеттер, юниорлор жана жаштар арасында (U-21) өткөн WKF версиясы боюнча XXIII Азия чемпионаты болуп өттү.
Чемпионатка Азиянын 29 өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышты. Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын атынан 18 спортчу, 3 машыктыруучу жана 3 калыс катышты.
Жыйынтыгында, «Олимп» ОРАБӨМдүн каратэ-до бөлүмүнүн спортчулары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты.
Спортчулардын жыйынтыктары:
Кадеттер арасында(14–15 жаш):
- Камилов Алинур (+70 кг) — 3-орун;
Юниорлор арасында(16–17 жаш):
- Явгет Матвей (–76 кг) — 1-орун;
- Даян Деря (+66 кг) — 3-орун;
Жаштар U-21 (18–20 жаш):
- Акылбек уулу Эрлан (–67 кг) — 2-орун.