Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIV эл аралык спорттук оюндарынын алкагында «Олимп» ОРАБӨМдүн спортчулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, пляж күрөшү боюнча төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:
- Манченко Рудольф — 1-орун;
- Глушко Павел — 3-орун;
- Кубанычбек уулу Артур — 3-орун.

Оюндардын программасына эркектер жана аялдар арасында кеңири тараган жана  жеткиликтүү спорттун түрлөрү кирди: жеңил атлетика, күрөш, пляж спорт түрлөрү, командалык дисциплиналар жана башкалар.

Мелдештерге КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн мыкты спортчулары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чеберчилигин жана жеңишке болгон эркин көрсөтүштү.