16-сентябрда саат 18:30да Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын сахнасында “IMPULSE” юбилейлик X Эл аралык театралдык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот.
“IMPULSE” Эл аралык фестивалынын негизги максаттары жана милдеттери – кыргыз театралдык искусствосун дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду баштоо, театралдык искусствонун жаңы тенденцияларын көрүүчүлөргө тартуулоо.
Расмий ачылыштан кийин дароо саат 19:00дө көрүүчүлөргө А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры тарабынан коюлган Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде коюлган «Эсимде» драмалык спектакли тартууланат (Кыргызстан). Башкы ролду КР Эл артисти Гүлайым Каниметова аткарат.