Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борбору – бул балдарга психологиялык, социалдык жана юридикалык колдоо көрсөтүлүүчү маанилүү социалдык мекеме.

Юридикалык жардам өспүрүмдөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында кайрылган ар бир адамга жеткиликтүү.

Борбордун квалификациялуу адистери психологиялык жана социалдык жардамды туруктуу негизде көрсөтүшөт. 2025-жылдын башынан бери борбордон 128 бала колдоо алды. «Ишеним телефонуна» 135 чалуу түштү, 445 психологиялык консультация, ошондой эле 38 бала үчүн 49 реабилитациялык сабак өткөрүлдү.

Социалдык кызматтарды көрсөтүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы капиталдык оңдоого 6 миллион сом бөлгөн. Борбор 2011-жылдан иштей баштагандан бери мекемеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Учурда электр жабдуулары алмаштырылып, радиаторлор орнотулуп, полдун жабуулары толугу менен алмаштырылып, эшик блоктору орнотулууда.