Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa эл аралык кайрымдуулук марафонуна байланыштуу 2025-жылдын 21-сентябрында катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында саат 06:30дан 13:00гө чейин төмөнкү жол тилкелери убактылуу жабылат:
1.Чүй проспектиси (Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейин);
2.Абдрахманов көчөсү (Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө чейин);
3.Иманалиев көчөсү (Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектине чейин);
4.Масалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектине чейин, түндүк тарабында);
5.Ч. Айтматов проспектиси (Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектиси чейин).
Борбордун тургундарын жана конокторун алдын ала кыймыл багыттарын пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.