"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү А.Осмонкул көчөсүнөн  А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, М.Гоголь көчөсүнөн  С.Ибраимов көчөсүнө чейин, жана ошондой эле К.Тыныстанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки эскилиги жеткен жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери аяктагандыгын билдирет.

Диаметри 700 мм болгон эски жылуулук  түтүктөр диаметри 900 мм болгон жаңы түтүктөргө алмаштырылды, бул аварияларды, жылуулуктун жоготууларын азайтып, энергиянын үнөмдүү натыйжалуулугун жогорулатат. Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактары 1971-жылдан бери иштетилип келген, бул иштетүү нормасынан эки эсе ашкан мөөнөт.

Иштин алкагында эски түтүктөрдү демонтаждоо, жаңысын орнотуу, андан соң жолго асфальт төшөө жана белгилерди түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүн түштөн кийин жол кыймылына болгон бардык чектөөлөр алынат.

Реконструкциялоо иштери Бишкек шаарынын мэриясы жана Транспорт департаменти менен макулдашылыр жүргүзүлдү. Бул борбор калаанын көчөлөрүн модернизациялоо боюнча масштабдуу программанын бир бөлүгү. 2026-жылы Фрунзе көчөсү толугу менен оңдолот. Жылуулук тармагынын өткөргүч түтүктөрүн алмаштыруу төшөлгөн жабууларды кайрадан ачпоо үчүн алдын ала жүргүзүлдү.

"Бишкекжылуулуктармагы" МИ сапатты көзөмөлдөөгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга кепилдик берет.