Бүгүн, 2025-жылдын 1-октябрында Алыкул Осмоновдун Үй-музейинде улуу кыргыз акынынын 110 жылдык мааракесине арналган «Алыкул – Ата Журттун акыны» Эл аралык поэтикалык фестивалы өз ишин улантты.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия мамлекеттеринен келген өкүлдөр жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун делегациясы катышты. Ошондой эле кыргыз калемгерлери, акын-жазуучулар жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын изилдеген адистер да фестивалга катышышты.

Коноктор үчүн Үй-музей боюнча экскурсия уюштурулуп, алар акындын кол жазмалары, жеке буюмдары жана архивдик материалдары менен таанышышты. Катышуучулар Алыкул Осмоновдун улуттук адабияттын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын жана анын Кыргызстан руханий маданиятынын символу катары ордун өзгөчө белгилешти.

«Алыкул – Ата Журттун акыны» Эл аралык фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн чыгармачыл интеллигенциясын бириктирип, Алыкул Осмоновдун поэзиясы кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн да баалуу мурасы экенин дагы бир жолу тастыктады.