“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаар айланасын жакшыртууну улантууда.

Алсак, Тоголок Молдо көчөсүнө, Д.Өмүрзаков атындагы стадионго жакын жерде жаңы унаа токтотуучу жайлар түзүлдү.

Узундугу 120 метр, туурасы 5 метр болгон унаа токтотуучу жай 40ка жакын унааны батыра алат. Эми спортчулар, күйөрмандар жана спорттук иш-чаралардын ышкыбоздору унааларын стадиондун жанына ыңгайлуу токтото алышат.

Андан сырткары, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы жашылдандыруу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн жердин топурагын төмөндөтүү иштерин жүргүздү.