«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Волков көчөсүн Садыгалиев көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерин баштады.
Учурда эски асфальт алынып, жерди казуу иштери жүрүп жатат.
Оңдоп-түзөө иштеринин бардык этаптары аяктагандан кийин бул тилкеде жол толугу менен жаңыланып, жаңы тротуар жана сууну агызуучу ирригациялык система курулат.